# 19-берене. Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жана жарандар тууралуу жекече маалыматтарды берүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 19-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-19

---

1. Риелторлорго юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды берүү юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө жүзөгө ашырылат.

2. Риелторлорго жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүү төмөнкүлөрдүн көлөмүндө жүзөгө ашырылат:

1) жарандардын жашаган жеринин даректери боюнча алар катталгандыгынын (каттоонун) фактылары жөнүндө маалыматтардын;

2) турак жана турак эмес жайлардын фондунун объекттери жөнүндө документтерди эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган киргизүүчү маалыматтардын;

3) жарандардын өзгөчө категорияларына кирген адамдардын (жашы жете элек жана белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган башка адамдар, майыптар, пенсионерлер) кыймылсыз мүлккө укуктарынын мүнөзүн жана мазмунун белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын;

4) жарандык абалдын актыларын каттоо журналдарына киргизилүүчү маалыматтардын;

5) адистештирилген дарылоо мекемелеринде каттоодо турган адамдардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтардын.

3. Риелторго баланы асырап алуунун фактылары жөнүндө маалыматтарды берүүгө суроо-талаптын мүнөзүнө жана риелтор шилтеме жасаган жагдайларга карабастан жол берилбейт.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык жарыя кылууга жол берилбеген жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды риелторго бергендиги үчүн күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

5. Бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жана жарыя кылууга болбой турган жекече маалыматты риелторлордун жана риелтордук фирманын кызматкерлеринин жарыя кылышы аларды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-20)
