# 18-берене. Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 18-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-18

---

1. Мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчикте турган кыймылсыз мүлк жөнүндө, алардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар риелторлордун суроо-талабы боюнча тийиштүү объекттер кыймылсыз мүлккө укуктардын реестрине, жер кадастрына киргизилген жана алар жөнүндө маалыматты таратуу Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында тыюу салынган режимдик объекттердин санына кирбеген шарттарда берилет.

2. Риелторлорго кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты тийиштүү реестрге киргизилген маалыматтардын көлөмүнөн ашыкча берүүгө жол берилбейт.

3. Жогоруда аталган объекттердин эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жана карыздарынын бар же жоктугу жөнүндө маалыматтарды риелторлорго ошондой эле турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиктери, турак жай-коммуналдык чарбанын органдары жана турак жай жана турак жай эмес фонддордун объекттерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырып жаткан уюмдар берет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-19)
