17-берене. Риелторлорго берилүүчү маалымат
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Риелторлордун суроо-талаптары боюнча аларга аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берүүчү маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
1) кыймылсыз мүлк, анын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар;
2) юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар, жарандар тууралуу жекече маалыматтар.
Риелторлорго маалыматтарды берүү ушул Мыйзамда жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттар сакталганда гана жүзөгө ашырылат.
2. Риелторго ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүнүн негизи болуп анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы жана керектөөчү менен тиешелүү келишимдин же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын болушу эсептелет.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматты сураткан жана жеке ишкер болуп саналган риелтор ким экендигин тастыктаган документти, ошондой эле керектөөчү менен тиешелүү келишимди же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүүгө милдеттүү. Суроо-талап юридикалык жак болуп саналган риелтор тарабынан жөнөтүлгөн учурда суроо-талапта көрсөтүлгөн маалыматты алууга ыйгарым укуктуу анын штаттык кызматкери көрсөтүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн кызматкер ким экендигин тастыктаган документти, керектөөчү менен тиешелүү келишимди же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүүгө милдеттүү. Кыймылсыз мүлк жана анын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар керектөөчү укук ээси болуп саналган кыймылсыз мүлккө карата гана берилет. Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар жана жарандар жөнүндө жекече маалыматтар риелтор менен керектөөчүнүн ортосундагы келишимде көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн укук ээлери жагынан гана берилет.
3. Аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары риелторлор сураткан маалыматты аларга бергендиги үчүн "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акы белгилөөгө укуктуу.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112569/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>