# 16-берене. Риелторлордун укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 16-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-16

---

Риелтор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлк рыногунда ар кандай операцияларды жүргүзүүгө;

2) өз ишин жарнамалоого;

3) бүтүмдү даярдоонун жана жүргүзүүнүн жүрүшүндө келишим боюнча бардык тараптардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын билдирүүгө;

4) керектөөчү менен тиешелүү келишими болгон учурда жана/же талаптагыдай ишеним каттын негизинде мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан (кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынан, камкорчу жана көзөмөлчү органдардан, ички иштер органдарынан, салык жана башка органдардан) кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документтерди суратууга жана алууга.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-17)
