# 11-берене. Кыймылсыз мүлктү соодалоону уюштуруу боюнча иш

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 11-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-11

---

Кыймылсыз мүлктү соодалоону уюштуруу боюнча иш деп кыймылсыз мүлк рыногунун катышуучуларына бүтүмдөрдү тийиштүү түрдө түзүүгө жана (же) аткарууга көмөк берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин берүү боюнча риелтордун иши таанылат, анын ичинде:

1) бүтүмдөрдүн катышуучуларын маалыматтык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (объекттер, алардын баалары жөнүндө маалыматты, башка маалыматты берүү);

2) консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, документтерди тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

3) банктык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия болгон учурда гана берүүгө жол берилген кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү талаптагыдай жана коопсуз жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-12)
