# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112567)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112567/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3331/edition/1244819/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112567/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (29.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112567/st-1

---

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын он төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 8 жана 9-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш болгон жактар Төмөнкүлөр милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш:

- Кыргыз Республикасынын жарандары;

- башка адамдар: Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан жана иштеп жаткан чет өлкөлүк адамдар; жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар; кайрылмандар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар медициналык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча төлөйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

---

Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112567/st-9)
