# 3181-берене. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-3181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3330/edition/1246427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112566/st-3181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3181-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-3181

---

1. Нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну туура эмес деп эсептеген кызыкдар жак бул жөнүндө нотариустун же нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын турган жери боюнча сотко арыз берүүгө укуктуу.

2. Арыз сотко ал арыз ээсине нотариалдык акт, жасалган нотариалдык аракет жөнүндө же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып эсептелүүчү он күндүк мөөнөттө берилет.

3. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арызды кароодо кызыкдар жактардын ортосунда укук тууралуу талаш-тартыштын бар экендигинин аныкталышы бул арызды кароосуз калтырууга алып келет. Мында укук жөнүндө талаш-тартыш сот тарабынан доо өндүрүшүнүн тартибинде каралат.

---

Мурунку берене: [2147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2147)  
Кийинки берене: [3182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-3182)
