# 2146-берене. Арызды кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3330/edition/1246427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112566/st-2146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2146-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2146

---

1. Сот төмөнкү учурларда арызды кайра кайтарат, эгерде:

1) иш бул сотко караштуу болбосо;

2) арыз кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;

3) арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин аны кайтарып берүү жөнүндө арыз түшсө;

4) ушул Кодекстин 2142 жана 2143-беренелеринин талаптары сакталбаса.

2. Арызды кайтарып берүү жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, анда иш эгерде бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин же болбосо арызды кабыл алууга тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен кошо арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Арызды кайтарып берүү, аны кайра кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин, ошол эле талап менен жалпы тартипте сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

5. Арызды кайтарып берүү жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [2145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2145)  
Кийинки берене: [2147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2147)
