# 2145-берене. Арызды кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3330/edition/1246427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112566/st-2145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2145-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2145

---

1. Сот арызды кабыл алуудан баш тартат, эгерде:

1) арыз жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде кароого же чечүүгө жатпаса;

2) ошол эле жактын, ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча арызы сот тарабынан мурда каралса.

2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктама сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле убакта ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.

3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээсинин ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайрадан кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [2144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2144)  
Кийинки берене: [2146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2146)
