# 2142-берене. Арыздын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3330/edition/1246427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112566/st-2142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2142-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2142

---

1. Арыз сотко жазуу жүзүндө, машиналык басылма текст түрүндө берилет.

2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) арыз берилүүчү соттун аталышы;

2) арыз ээси (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, дареги, юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, ошондой эле, эгерде арыз өкүл тарабынан берилсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги) жана башка кызыкдар жактар жөнүндө маалыматтар;

3) арыз ээсинин талабы;

4) арыз ээси өз талаптарын негиздеп жаткан жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;

5) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги.

3. Арызга арыз ээси же кол коюуга жана арыз берүүгө ыйгарым укугу болгондо анын өкүлү кол коёт.

4. Эгерде жаран ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишинен, майыптуулугунан, дене бойлук кемчиликтеринен же оорусунан улам өз колу менен, же болбосо факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коё албаса, анда анын өтүнүчү боюнча арызга башка жаран кол коюшу мүмкүн. Ал жарандын колтамгасы нотариус тарабынан же болбосо ушундай нотариаттык аракетти жасоого укугу бар башка кызмат адамы тарабынан арыз ээсинин арызына өз колу менен кол коё албаган себептерин көрсөтүү менен күбөлөндүрүлүшү керек.";

5. Арыз ошондой эле тийиштүү соттун маалыматтык-телекоммуникациялык интернет түйүнүнүн расмий сайтында жайгашкан форманы толтуруу жолу менен сотко берилиши мүмкүн, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте электрондук колтамга коюлат.

---

Мурунку берене: [2141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2141)  
Кийинки берене: [2143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2143)
