# 2141-берене. Соттук материалдар боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3330/edition/1246427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112566/st-2141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2141-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2141

---

1. 72, 111, 112, 114, 115, 143, 145, 147, 148, 206, 208-210, 213, 337, 372, 391, 394, 406, 409-412, 415, 418, 423, 429, 438-беренелерде каралган соттук материалдар боюнча арыздарды кароо, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген башка учурларда арыздардын айрым түрлөрүн кароонун эрежелери менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө ушул Главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен жүзөгө ашырылат.

2. Соттук материалдар боюнча арыздар алар сотко келип түшкөн күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө каралат.

3. Соттук материалдар боюнча арыздарды кароодо арызды камсыз кылуу чараларын көрүүгө, үчүнчү жактарды тартууга, иш боюнча өндүрүштү токтото турууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2)  
Кийинки берене: [2142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2142)
