# 2115-берене. Соттун аныктамасы жана аны ишке ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3330/edition/1246427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112566/st-2115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2115-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2115

---

1. Сот арызды негиздүү деп таануу менен, жол берилген жарандын (уюмдун) укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгын же жарандын (уюмдун) анын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылгандыгын толук өлчөмдө жоюу жагында сот аткаруучусунун милдеттери жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Эгерде кызыкдар жактар апелляциялык даттануу (сунуштама) бербесе, соттун аныктамасы аныктама кабыл алынган күндөн тартып он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Соттун аныктамасы жол берилген мыйзам бузууну четтетүү үчүн баш ийүүчүсүнүн токтому, аракети (аракетсиздиги) талашылып жаткан сот аткаруучулары бөлүмүнүн жетекчисине, же болбосо баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган органга, кызмат адамына оот аныктамасы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде жөнөтүлөт.

4. Аныктама жарандык процесстик мыйзамдарда жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча аткарылат.

5. Эгерде талашылып жаткан токтом же аракет (аракетсиздик) мыйзамга ылайык чыгарылганын же болбосо жасалгандыгын белгилесе, сот арызды канааттандыруудан баш тартат.

---

Мурунку берене: [2114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2114)  
Кийинки берене: [2116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2116)
