# 2114-берене. Сот аткаруучусунун токтомун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3330/edition/1246427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112566/st-2114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2114-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2114

---

1. Арыз сот тарабынан анын сотко келип түшкөн учурунан тартып он күндүн ичинде арыз берүүчүнүн, сот аткаруучусунун катышуусу менен каралат.

2. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн, соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган жактардын кимдир-бирөөсүнүн соттук жыйналышка келбей коюусу арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Сот талашылып жаткан токтомдун же аракеттин күчүн арыз сотто каралып жаткан убакытта арыз берүүчүнүн өтүнмөсү боюнча токтото турууга укуктуу.

4. Сот арызда баяндалган жана процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүндө көрсөтүлгөн жүйөлөр, берилген далилдер жана иштеги башка материалдар менен эле чектелип калбастан, бул талаш-тартышты туура чечүү максатында, талашылып жаткан токтом, аракет (аракетсиздик) боюнча факт жүзүндөгү бардык жагдайларды иликтеп чыгат.

5. Сотто даттанылып жаткан токтомдун, аракеттин (аракетсиздиктин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети мындай токтомду кабыл алган же мындай аракетке (аракетсиздикке) жол берген сот аткаруучусуна жүктөлөт. Чыгарылган токтомдун, жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) тууралыгына карата кандай болбосун шек саноолор арыз берүүчүнүн пайдасына түшүндүрмөлөнөт.

---

Мурунку берене: [2113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2113)  
Кийинки берене: [2115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2115)
