# 2113-берене. Сот аткаруучусунун токтомдорун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3330/edition/1246427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112566/st-2113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2113-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2113

---

1. Сот аткаруучусунун токтому жана аракети (аракетсиздиги) аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же ушул токтом, аракет (аракетсиздик) менен укуктары жана кызыкчылыктары бузулган жактар тарабынан талашылуусу мүмкүн.

2. Сот аткаруучусунун токтомун, анын аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арыз сотко бул токтом чыккан, аракети (аракетсиздиги) жасалган күндөн тартып, же болбосо ушул токтомдон, аракеттен (аракетсиздиктен) улам укуктары жана кызыкчылыктары бузулган жаранга же уюмга анын укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон күндөн тартып он күндүк мөөнөттө берилет. Арыздын көчүрмөлөрү бардык кызыкдар жактарга, анын ичинде талашылып жаткан токтомду чыгарган же талаш-тартыш жараткан аракетти (аракетсиздикти) жасаган сот аткаруучусу иштеген сот аткаруучулары кызматынын бөлүмдөрүнө берилет.

3. Арыз менен сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберүү сот үчүн мындай арызды кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. Мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себептери соттук жыйналышта айкындалат жана алар арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиз болуп калышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [2112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2112)  
Кийинки берене: [2114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112566/st-2114)
