# 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

- Толук аталышы: 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112564>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3329/edition/1251197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112564.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (13.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112564

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 13-апрели № 88 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112564/st-1)

"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 5-беренеде:

а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын баа түзүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизет;";

б) бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112564/st-2)

"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 940-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 11-беренеде:

а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жүктөрдү, почтаны ташууга байланышкан тарифтер, жыйымдар жана төлөм келишимдик негизде белгиленет.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112564/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 30 (3479) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 9-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
