# 9-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 9-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-9

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) баа түзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

2) жөнгө салынуучу секторлордо бааларды мамлекеттик жөнгө салуу механизмин аныктайт;

3) Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык мааниге ээ товарлардын тизмегин бекитет;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылуучу аракка, тамеки жана никотин камтылган заттардын бардык түрлөрүнө, анын ичинде ысытылуучу тамекиси бар заттарга (электрондук тамекилерди кошо), никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумуна жана алардын эритмелерине минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене бааларды белгилейт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-10)
