# 8-берене. Бааларды макулдашуулар

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 8-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-8

---

1. Мамлекеттин кызыкчылыктарын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааларды (тарифтерди) турукташтыруу, калкты социалдык жактан коргоо, баалардын өсүшүнүн жол берилген деңгээлине карата тараптардын милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоо максатында чарбакер субъекттер жана (же) мамлекеттик органдар баа боюнча макулдашууларды түзүшөт жана кол коюшат.

2. Бааны макулдашуу жарандык мыйзамдардын ченемдерине ылайык түзүлөт. Келишим ыктыярдуу гана мүнөздө болот, анын катышуучулары турган жерине, уюштуруу-укуктук формасына жана рыноктогу абалына карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.

3. Соңку продукциянын негизги өндүрүүчүлөрүнүн, сырьелорду жана материалдарды, ресурстарды берүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучулардын ортосунда баа келишимин даярдоонун жана түзүүнүн максаттары - макулдашуунун катышуучуларынын - ишканалардын ишин чыгарылуучу продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, сатуунун көлөмүн көбөйтүү, өз ара эсептешүүлөрдү өркүндөтүү, макулдашуунун катышуучуларынын продукцияларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды турукташтыруу, жарандардын экономикалык кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү жолу менен турукташтыруу болуп саналат.

4. Бааны макулдашууда тараптар бааларды жөнгө салуунун формаларын, методдорун, мөөнөттөрүн макулдашат.

5. Монополияга каршы мыйзамдардын ченемдерин бузган чарбакер субъекттердин бааларды макулдашуусуна тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-9)
