# 7-берене. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун методдору жана формалары

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 7-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-7

---

1. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу процессинде жөнгө салуунун төмөнкүдөй методдору колдонулушу мүмкүн:

1) максималдуу же минималдуу бааларды (тарифтерди) белгилөө;

2) белгиленген бааларды (тарифтерди) белгилөө;

3) бааларга (тарифтерге) максималдуу же минималдуу соода үстөктөрүн белгилөө;

4) чарбакер субъекттер жана (же) мамлекеттик органдардын ортосунда макулдашуу түзүү жолу менен бааларды (тарифтерди) белгилөө.

2. Баа түзүү процессине мамлекеттин кыйыр таасир этүү формалары болуп салыктык-бюджеттик, акчалай-кредиттик, бажылык-тарифтик жөнгө салуу, товардык же сатып алуу интервенциясы саналат. Бааларды (тарифтерди) кыйыр жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдик укуктук актылары жана тармактык мыйзамдар менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамда аныкталган баа түзүү принциптерине ылайык республикада мамлекеттик кызыкчылыктарга жана түзүлүп жаткан социалдык-экономикалык кырдаалга негизделген бааларды (тарифтерди) жөнгө салуунун конкреттүү методун жана конкреттүү формасын тандоо жөнүндө чечим кабыл алат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-8)
