6-берене. Жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) колдонуу чөйрөсү
Күчүндө · 11.04.2023 редакциясы
6-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 6-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) Кыргыз Республикасынын ички рыногунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан чарбакер субъекттер жана жеке адамдар тарабынан пайдаланылат.
2. Мамлекет чарбакер субъекттердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жеке адамдардын төмөнкүдөй товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды жана тарифтерди жөнгө салат:
1) Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык табигый монополиялар чөйрөсүндөгү товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө);
2) Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары каражаттарына;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылуучу аракка (минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене баа);
4) тамеки жана никотин камтылган заттардын бардык түрлөрүнө, анын ичинде ысытылуучу тамекиси бар заттарга, никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумуна (буга кошуп электрондук сигареттерге) жана алардын эритмелерине (минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене баа);
5) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө;
6) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рынокторунда социалдык мааниге ээ товарларды сатуу үчүн соода орундарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө;
7) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүүлөргө;
8) катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө;
9) мамлекеттик материалдык резерв фондунан брондон чыгарылып, сатылуучу товардык-материалдык баалуулуктарга;
10) мамлекеттик запастарды толуктоо үчүн республиканын аймагында сатып алуу баалары боюнча сатып алынуучу айыл чарба продукцияларына.
3. Атаандаштык абалы үчүн азыраак терс кесепеттери бар жол менен келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн болбогондо, калкты социалдык жактан коргоо жана керектөөлөрүн канааттандыруу, азык-түлүк коопсуздугун, тамак-аш азыктарынын түздөн-түз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык мааниге ээ товарларга бааларды мамлекеттик убактылуу жөнгө салууга жол берилет.
Мамлекет бир жыл ичинде 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу жана зарыл учурда чарбакер субъекттердин жана жеке жактардын төмөнкү товарларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салууну узартат:
1) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу социалдык мааниге ээ товарларга;
2) үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин социалдык мааниге ээ товарларына.
4. Баа түзүүнү жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сатып алуу-сатуунун (берүүнүн) тикелей келишимдерин түзүүдө максималдуу баалар (тарифтер) белгиленген учурларда, чарбакер субъекттер тарабынан белгиленген максималдуу баалардын (тарифтердин) алкагындагы келишимдик баалар колдонулат.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 5-8-пункттарында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, кызмат көрсөтүүнүн кандай болбосун башка түрлөрүнө бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салууга жол берилбейт.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети уставдык капиталда катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке тиешелүү болгон коммерциялык банктар көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөлөр, айып пулдар, салыктар жана мамлекеттик алымдар үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөргө баа коюуга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
Берененин тексти 11.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31- майы № 292 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2023 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 455
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябры № 625 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 17.10.2024 · № 625
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112562/st-6" title="6-берене - Баа түзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>