# 5-берене. Эркин бааларды (тарифтерди) колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 5-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-5

---

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) тараптардын макулдашуусу менен белгиленүүчү баалар (эркин баалар) колдонулат, алар суроо-талап жана сунуш, сатып алуу мүмкүнчүлүгү, керектөөчүлүк тандоосу, атаандаштык жана башка экономикалык факторлор менен аныкталат.

2. Эркин баа түзүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жана сатуучуну тандоо эркиндиги, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү эркиндиги;

2) берилүүчү товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр), баалар (тарифтер), сатуунун шарттары жөнүндө ишенимдүү маалыматтын болуусу жана жеткиликтүүлүгү;

3) атаандаштык эрежелеринин сакталуусу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-6)
