# 4-берене. Баа түзүүнүн негизги принциптери

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 4-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-4

---

Баа түзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) баа түзүү саясатын өнүктүрүү, экономикалык өсүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу максаттарына багыттоо;

2) эркин жана жөнгө салынуучу баалардын (тарифтердин) айкалышы;

3) экономикалык жактан негизделген сарптоолорго жана кайра өндүрүүнү кеңейтүү үчүн салыктарды эске алуу менен жетиштүү пайда алууга жараша товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу;

4) баа түзүү чөйрөсүнүн катышуучуларынын ишинин маалыматтык ачык-айкындуулугу;

5) мамлекеттик экономикалык социалдык саясаттын чараларын аткаруунун алкагында өзүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырууда келтирилген чыгымдарды компенсациялоо үчүн бекер жана кайтарымсыз негизде товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) мамлекет тарабынан субсидиялоо.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-5)
