# 3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 3-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-3

---

1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:

1) баа - товар бирдигинин наркынын акчалай туюнтулушу;

2) тариф - жумуш жана кызмат көрсөтүү бирдигинин наркынын акчалай туюнтулушу;

3) баа түзүү - товарга (жумушка, кызмат көрсөтүүгө) бааларды (тарифтерди) белгилөө жана колдонуу процесси;

4) бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу - ушул Мыйзамда белгиленген негизги принциптерди сактоо менен бааларды (тарифтерди) жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бааларды белгилөө жана колдонуу процессине таасир этүү;

5) эркин баа (тариф) - баалардын (тарифтердин) өсүүсүн кармап турууга багытталган баа боюнча макулдашууларды кошпогондо, эркин атаандаштык шарттарында суроо-талаптын жана сунуштун таасири астында рынок шарттарында түзүлүүчү баа (тариф);

6) дүң-өткөрүүчү баа - өндүрүлгөн (анын ичинде подряддык келишим боюнча өндүрүлгөн) товарга өндүрүүчү тарабынан, ошондой эле алар мамлекетке алып келген товарга аны андан ары сатуу үчүн импорттоочу тарабынан коюлган баа;

7) сатып алуу баасы - ички рынокто айыл чарба продукциялары мамлекет тарабынан сатып алына турган дүң баа;

8) чекене баа - чекене сатып алуу-сатуу келишими боюнча жеке өзү пайдалануусу үчүн түздөн-түз калкка сатыла турган товардын баасы;

9) келишимдик баа - жарандык мыйзамдарда аныкталган тартипте продукцияны сатуучунун (өндүрүүчүнүн) жана сатып алуучунун (керектөөчүнүн) ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча коюлуучу, келишимде белгиленген баа;

10) өздүк нарк - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө жана сатууга күндөлүк сарптоолордун акчалай туюнтулушу, баанын курамдык бөлүгү;

11) соода (дүң же чекене) үстөгү - сатуучунун товарларды жеткирүү жана сатуу менен байланышкан чыгымдарынын ордун толтуруу, ошондой эле керектүү пайданы алуу үчүн багытталган дүң же чекене баанын бөлүгү;

12) пайда - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешенин аларды өндүрүүгө жана сатууга кеткен сарптоолордон ашып кетүүсү;

13) арзандатуу - тараптардын макулдашуусу менен белгиленген товардын баштапкы баасын төмөндөтүү;

14) бааларга мамлекеттин кыйыр таасир этүү методу - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын финансы-кредиттик, салык-бюджеттик жана башка механизмдер аркылуу бааларды түзүү жана колдонуу процессине экономикалык таасир этүүсү;

15) жөнгө салынуучу баа (тариф) - бааларды (тарифтерди) жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленүүчү, же ушул органдар белгилеген белгилүү бир чектөөлөрдү эске алуу менен чарбакер субъект тарабынан аныкталуучу баа (тариф);

16) белгиленген баа (тариф) - белгилүү бир деңгээлде так туюнтулган акчалай чоңдукта ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленүүчү жөнгө салынуучу баа (тариф);

17) максималдуу (минималдуу) баа (тариф) - чоңдугу жогорку жана (же) төмөнкү чектер менен чектелген жөнгө салынуучу баа (тариф);

18) максималдуу (минималдуу) соода үстөгү - бааларды жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленүүчү жөнгө салынуучу баага чектөө;

19) бааны макулдашуу - рыноктун катышуучуларынын жана (же) рыноктун катышуучулары менен мамлекеттик органдардын ортосундагы келишим, анда белгилүү бир мөөнөткө товарлардын баасы жана (же) товарларга бааны турукташтыруу боюнча чаралар белгиленет жана бекитилиши мүмкүн;

20) ыйгарым укуктуу органдар - баа түзүү саясатын иштеп чыгууну жана бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

21) чарбакер субъект - юридикалык жактарды каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө жана (же) лицензияланууга тийиш болгон, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюм, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык катталган, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашыруучу жеке ишкер;

22) бааларга мониторинг жүргүзүү - баалардын (тарифтердин) өзгөрүүлөрүн андан ары талдоо жана баалоо үчүн чарбакер субъекттердин эркин жана жөнгө салынуучу бааларына (тарифтерине) үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү;

23) социалдык мааниге ээ товарлар - эң зарыл жана күн сайын талап кылынуучу товарлар.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-4)
