# 12-берене. Чарбакер субъекттердин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 12-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-12

---

1. Чарбакер субъекттер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эгерде аларга карата мыйзамдарга ылайык бааны мамлекеттик жөнгө салуу колдонулбаса, өз алдынча же сатып алуучу менен макулдашуу боюнча товарга (жумушка, кызмат көрсөтүүгө) бааны (тарифти), соода (ортомчу) үстөгүн (арзандатууну) белгилөөгө;

2) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аларга карата ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары тарабынан бааларды түзүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган чечимдерге даттанууга.

2. Чарбакер субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамда белгиленген алардын ыйгарым укуктарынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар кабыл алган чечимдерди аткарууга;

2) баа түзүүнүн тартибин, ошондой эле өздүк наркка тийиштүү сарптоолорду эсептөөнүн тартибин сактоого, Кыргыз Республикасынын салык жана камсыздандыруу мыйзамдарында каралган баага (тарифке) толук көлөмдө киргизилүүчү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү толук көлөмдө эсепке алууга, ушул Мыйзамда белгиленген тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) жана аларды жөнгө салуунун колдонуудагы тартибин бузууга жол бербөөгө;

3) бааларды (тарифтерди) жөнгө салуу жана ушул Мыйзамда белгиленген баа түзүүнүн тартибинин сакталышын контролдоо үчүн зарыл болгон толук жана ишенимдүү маалыматты ыйгарым укуктуу органга берип турууга;

4) баа түзүүнүн белгиленген тартибинин бузулуусун өз алдынча аныктаган учурда, аны жоюу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-13)
