# 10-берене. Баа түзүүнү жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын ыйгарым укуктары

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 10-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-10

---

1. Белгиленген тартипте бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык баа түзүү саясатын иштеп чыгуу функциялары жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдар:

1) баа түзүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгышат;

2) социалдык мааниге ээ товарлардын тизмегине киргизилген, Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык мааниге ээ товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

2. Белгиленген тартипте бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык баа түзүүнү жөнгө салуу жана контролдоо функциялары жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) бааларды мамлекеттик жөнгө салууну, буга кошуп чарбакер субъекттердин атаандаштык жана баа түзүү эрежелерин сактоосун контролдоону;

2) чарбакер субъекттердин жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) колдонуусун, алардын бааларды (тарифтерди) колдонуунун белгиленген тартибин сактоосун, аныкталган бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктардын аткарылышын контролдоону;

3) бааларга мониторинг жүргүзүүнү.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-11)
