# 1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу максаты жана предмети

- Документ: [Баа түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112562)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 87 "Баа түзүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3327/edition/1251929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112562/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баа түзүү жөнүндө, 1-берене (11.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-1

---

1. Ушул Мыйзамдын максаты баа түзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

2. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында баа түзүү боюнча мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин белгилейт, бааны жөнгө салуу методдорун, ошондой эле аны киргизүүнүн жана колдонуунун негиздерин жана жол-жоболорун аныктайт.

3. Бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу боюнча ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жеке жактардын товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) жайылтылат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112562/st-2)
