1-берене
Күчүндө · 11.04.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-статьянын үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 35-статьянын 1-пунктунда "акча" деген сөз "улуттук акча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 217-статьянын 1-пунктунда:
а) 2-пунктчада "Куралдуу Күчтөрдүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктчада "өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 23317-статьяда:
а) статьянын аталышы "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1 жана 2-пункттар "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 23318-статьяда:
а) статьянын аталышы "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
в) эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыздоого, коргонуу объекттерин, жаратылыш-корук фондунун, социалдык, өндүрүштүк, энергетикалык, инженердик, архитектуралык-курулуш жана транспорттук инфратүзүмдөрдү, анын ичинде аэропортторду жайгаштырууга жана тейлөөгө, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашырууга байланышкан муктаждыктар.";
6) 259-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Тарыхый-маданий баалуулуктарга тиешелүү археологиялык табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана мыйзамда аныкталган тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлүүгө тийиш.";
7) 261-статьянын 2-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарында "Тарых же маданият эстеликтерине" деген сөздөр "Тарыхый-маданий мурас эстеликтерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 281-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында "муктаждык" деген сөз "жана мамлекеттик муктаждыктар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 284-статьянын 1-пункту "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 386-статьянын 4-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 11.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112561/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>