# 8-берене. Ыктыярчылык иш

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 8-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-8

---

1. Ыктыярчылык ишти он сегиз жашка толгон жеке жактар, ошондой эле юридикалык жактар жүзөгө ашыра алат.

2. Он сегиз жашка толо элек жеке жактар ыктыярчылык ишти өздөрүнүн ата-энелеринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде жана ыктыярчылык иш алардын ден соолугуна, адептик өнүгүүсүнө зыян келтирбеген жана окуу процессин бузбаган шартта жүзөгө ашыра алат.

3. Ыктыярчылык иш кайрымдуулук иштен айырмаланат, анткени кандайдыр-бир материалдык же акчалай сый акы каралбайт.

4. Ыктыярчылык иш ыктыярчы менен ыктыярчылык уюмдун же ыктыярчылык ишти уюштуруучунун ортосунда түзүлгөн ыктыярчылык келишиминин негизинде, ошондой эле ыктыярчы ыктыярчылык жардамды алуучу менен түздөн-түз макулдашкан учурда мындай келишимди түзбөстөн жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Ыктыярчы ыктыярчылык ишти жекече жүзөгө ашыруусунун шарттары ыктыярчы менен ыктыярчылык жардамды алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталышы мүмкүн, анын предмети болуп ыктыярчылык жардамды алуучунун кызыкчылыгында ыктыярчынын иштерди акысыз аткарышы жана (же) кызмат көрсөтүүсү эсептелет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-9)
