# 3-берене. Ыктыярчылык иштин максаттары жана милдеттери

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 3-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-3

---

1. Ыктыярчылык иштин максаттары:

1) коомдо жарандык позицияны, социалдык жоопкерчилик, тилектештик, өз ара жардамдашуу жана боорукердик сезимдерин калыптандыруу;

2) уюштуруучуларынын макулдугу менен коомдук маанилүү иш-чараларга акысыз катышуу, жардамга муктаж адамдарга жана социалдык топторго акысыз жардам көрсөтүү;

3) жарандарды социалдык практикага аралаштыруу аркылуу алардын өзүн көрсөтүүсүнө, өз потенциалын ишке ашырууга жана эмгегине жараша таанылуусуна мүмкүнчүлүк берүү.

2. Ыктыярчылык иштин милдеттери:

1) социалдык милдеттерди чечүүдө жана коомдук маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө мамлекетке, мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга, жеке жактарга жардам берүү;

2) жашоо-тиричиликтин коопсуздук негиздерине, алгачкы жардам көрсөтүү, экологиялык коргоо, калктын ар түрдүү категориялары менен социалдык иштөө жөндөмдөрүнө ээ болууда жарандарга жардам берүү;

3) кесиптик багыт алууга түрткү берүү жана кесиптик жөндөмдөрдү калыптандыруу;

4) социалдык милдеттерди чечүү үчүн жарандардын өзүн-өзү көрсөтүү жана өзүн-өзү уюштуруу жөндөмдөрүнө ээ болуусуна жардам берүү;

5) ыктыярчылардын кадрдык резервин даярдоо;

6) калктын жашоосунун сапатын жакшыртууга жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, маданий мурасты сактоого, жаштарга адеп-ахлактык, мекенчилдик жана экологиялык тарбия берүүгө багытталган көп түрдүү коомдук ишке жарандарды тартуунун механизмдерин түзүү;

7) жаштардын ыктыярчылык ишти уюштурууга жана жүзөгө ашырууга багытталган демилгелерин өнүктүрүү жана колдоо.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-4)
