# 20-берене. Ыктыярчылык ишти колдоо

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 20-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-20

---

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ыктыярчылык ишти колдоону жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Ыктыярчылык иштин принциптерин алга илгерилетүүдөгү жана аны ийгиликтүү жүзөгө ашыруудагы салымдарын таануу жана баалоо иретинде жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйланышы мүмкүн.

3. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыктыярчылык уюмдар менен биргелешип төмөнкүлөрдү жүргүзө алат:

1) ыктыярчылыкты алга илгерилетүү жана программалар менен акцияларга катышуу үчүн ыктыярчыларды кабыл алуу боюнча ар жылдагы иш-чараларды;

2) ыктыярчылык тармагындагы салымдарды таануу боюнча ар жылдагы улуттук иш-чараларды;

3) ыктыярчылык ишти даңазалоо боюнча башка иш-чараларды.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-21)
