# 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 2-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:

1) ыктыярчылык иш (ыктыярдуулук) - жеке жана юридикалык жактар тарабынан коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, ыктыярдуу башталышта акчалай сый акы албастан ар кандай формаларда көрсөтүлүүчү, анын жүрүшүндө билим, тажрыйба, көндүмдөргө ээ болуп жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө ала турган коомдук пайдалуу иштерди жүзөгө ашыруу;

2) ыктыярчы - материалдык же финансылык кызыкчылыктарды көздөбөстөн, же тышкы социалдык, экономикалык же саясий басымдын таасири астында эмес, өз ыктыяры менен аракеттенип жаткан жеке жак;

3) ыктыярчылык программа - социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган жана ыктыярчылардын уюшкан ишин пайдалануу менен ишке ашырыла турган иш-чаралардын комплекси;

4) ыктыярчылык акция - ыктыярчылар катышуучулары болуп саналган социалдык маанилүү милдеттерди чечүүгө багытталган бир жолку иш-чара. Мындай акцияларды жүзөгө ашыруунун максаттары, милдеттери, методдору жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүгө тийиш эмес;

5) ыктыярчылык уюм - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ыктыярчылык ишти жүргүзүүчү, ыктыярчылык ишти уюштуруучу болуп саналган, ыктыярчылык программаларды ишке ашырып жаткан же анын атынан жана анын тапшырмасы боюнча аракеттенип жаткан ыктыярчыларды өз ишине тарткан ыктыярчылык акцияларды өткөрүп жаткан коммерциялык эмес уюм;

6) ыктыярчылык келишими - ыктыярчы деп аталган жеке жак менен ыктыярчылык уюм деп аталган юридикалык жактын, же ыктыярчылык ишти уюштуруучунун, ыктыярчылык жардамды алуучунун, же болбосо анын тапшырмасы боюнча аракеттенүүчү жактын ортосунда жарандык-укуктук келишим түрүндө түзүлгөн, ал боюнча биринчи жак экинчи жактын алдында акчалай же башка түрдөгү материалдык сый акы албастан, коомго пайда келтирүү чөйрөсү белгилүү бир иштерди жүргүзүүгө милдеттенме алган макулдашуу;

7) ыктыярчылардын координатору - ыктыярчылык уюм, ыктыярчылык ишти уюштуруучу тарабынан ыктыярчыларга көрсөтмө берүү, алардын ортосунда иштерди бөлүштүрүү, ар бир ыктыярчынын ишинин ордун жана көлөмүн аныктоо, алардын ишти аткаруусун контролдоо максатында ыктыярчылык уюмдун мүчөлөрүнүн арасынан дайындалган, ошондой эле ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка ыктыярчылык уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттешүү ыйгарым укугуна ээ болгон ыктыярчы же ыктыярчылык уюмдун кызматкери;

8) ыктыярчынын өздүк китепчеси - ыктыярчы катары жеке жактын ишин тастыктоочу белгиленген формадагы документ;

9) ыктыярчылык ишти уюштуруучу - өз алдынча же болбосо ыктыярчылык уюмдар аркылуу ыктыярчыларды ишке тартуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер, жеке жактар;

10) ыктыярчылык жардамды алуучу - ыктыярчылардын жардамына муктаж жана алардын кызыкчылыктары үчүн ыктыярчылык иш жүргүзүлүп жаткан жеке же юридикалык жак, социалдык топ;

11) коомго пайда келтирүү чөйрөсү - жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, кайрымдуулук, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим, маданият жана искусство, туризм жана спорт, айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук мааниге ээ болгон башка тармактар.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-3)
