# 19-берене. Ыктыярчылыкка дем берүү боюнча чаралар

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 19-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-19

---

1. Мамлекет ыктыярчылык ишти бардык деңгээлдерде илгерилетет жана колдойт, ыктыярчылык ишке дем берүү жана өнүктүрүү саясатын жүзөгө ашырат.

2. Ыктыярчылык келишимин түзгөн ыктыярчы белгиленген форма боюнча ыктыярчынын өздүк китепчесин жүргүзөт жана ыктыярчылык ишти жүргүзгөнүн жана тажрыйба менен жөндөмдөргө ээ болгонун тастыктаган сунуштама каттарды алат.

3. Ыктыярчынын өздүк китепчеси жана сунуштама каттар менен ырасталган ыктыярчылык иш иштин тажрыйбасы катары эске алынышы мүмкүн.

4. Эгерде студент 40 сааттан кем эмес убакыт иштеп берсе жана кесиптик билим берүү мекемесинин ыктыярчылык уюм менен кызматташуу жөнүндө макулдашуусу (меморандум) бар болсо, студент жөндөмдөрдү калыптандыруу жана кесиптик тажрыйбага ээ болуу максатында ишке ашырып жаткан, өздүк китепчеси жана ыктыярчылык келишими менен тастыкталган ыктыярчылык окуу же өндүрүштүк (диплом алдындагы) практика деп таанылат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-20)
