# 16-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү компетенциясы

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 16-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-16

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

2) ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү боюнча тийиштүү программаларды, стратегияларды жана концепцияларды бекитүү;

3) ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;

4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын ыктыярчылык иштин субъекттери менен өз ара аракеттешүүсүнүн тартибин аныктоо жана координациялоо;

5) ыктыярчылык ишке дем берүү боюнча шарттарды түзүү жана чараларды иштеп чыгуу;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-17)
