# 15-берене. Ыктыярчылык ишти уюштуруучу

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 15-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-15

---

1. Ыктыярчылык ишти уюштуруучу ыктыярчылык программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, ыктьмрчыларды тартуу менен өз алдынча же башка ыктыярчылык ишти уюштуруучулар же болбосо ыктыярчылык уюмдар менен бирге ыктыярчылык акцияларды өткөрөт.

2. Ыктыярчылык ишти уюштуруучу:

1) ыктыярчылык ишти, ыктыярчылык программаларды жана ыктыярчылык акцияларды жүзөгө ашырууга, ыктыярчылык келишиминин негизинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жекече иштерге ыктыярчыларды тартат;

2) ыктыярчылык келишимин өз убагында жана сапаттуу аткаруусу боюнча ыктыярчынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;

3) бүтүндөй алганда ыктыярчылык кыймылга, анын программаларына жана айрым акцияларына маалыматтык колдоо көрсөтүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле аларды алга илгерилетүүгө көмөктөшөт;

4) ыктыярчыларга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, өзгөчө иштерди уюштуруунун коопсуздугу жагынан нускама берет;

5) ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарат, жогору турган уюмдарга жана ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыктыярчылык иштин натыйжалары туурасында маалыматтарды берет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-16)
