# 14-берене. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери)

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 14-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-14

---

1. Ыктыярчылык уюмдар өз максаттарын ишке ашырууда өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн келишимдик негизде түзүлгөн ассоциацияларга жана бирликтерге бириге алат.

2. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмеси (ассоциациясы, бирлиги) коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) мүчөлөрү өзүнүн өз алдынчалыгын жана юридикалык жактын укуктарын сактап калат.

3. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмеси (ассоциациясы, бирлиги) өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттери үчүн жооп бербейт. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча ыктыярчылык уюмдардын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте субсидиардык жоопкерчиликти тартат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-15)
