# 12-берене. Ыктыярчылардын координатору

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 12-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-12

---

1. Ыктыярчылардын координатору ыктыярчылык уюм же ыктыярчылык программаны же ыктыярчылык акцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон ыктыярчылык ишти уюштуруучу тарабынан дайындалат, же болбосо ыктыярчылар тобунун курамына кирген ыктыярчылар тарабынан алардын ичинен шайланат.

2. Ыктыярчылардын координатору ыктыярчыларга нускама берет, алардын арасында жумуштарды бөлүштүрөт, ар бир ыктыярчынын ишинин ордун жана көлөмүн белгилейт, алардын ишин контролдойт.

3. Ыктыярчылардын координатору мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка ыктыярчылык уюмдар жана ыктыярчылык ишти уюштуруучулар, ошондой эле ыктыярчылардын топтору менен өз ара аракеттенет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-13)
