# 11-берене. Ыктыярчынын өздүк китепчеси

- Документ: [Ыктыярчылык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112560)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 77 "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Мызамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3325/edition/1244123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112560/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыктыярчылык иш жөнүндө, 11-берене (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-11

---

1. Ыктыярчылык ишти эсепке алуу үчүн ыктыярчынын өздүк китепчеси ыктыярдуу тартипте толтурулат жана ыктыярчынын иши, аны сыйлоолор жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Бул маалыматтар ыктыярчынын өздүк китепчесине ыктыярчы иштеген ыктыярчылык уюмдар, ыктыярчылык иштин уюштуруучулары же ыктыярчылык жардам алуучулар тарабынан жазылып, тийиштүү уюмдун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колтамгасы жана уюмдун мөөрү же ыктыярчылык жардамды алуучунун колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

2. Ыктыярчынын өздүк китепчеси ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген формада ыктыярчы тарабынан таризделет жана жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112560/st-12)
