Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 10-апрели № 82 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылы деп кайра аталсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура району Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталсын.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп кайра аталсын.
5-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2023-жылдын 22-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы №894-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 26.01.2023 · № 894-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 978-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы жыйналышынын күн тартиби"…Постановление · 22.02.2023 · № 978-VII
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 19-январындагы № 868-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 19.01.2023 · № 868-VII
- Кыргыз Рсепубликасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 763-VII "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас…Постановление · 21.12.2022 · № 763-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы № 897-VII "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас…Постановление · 26.01.2023 · № 897-VII