1-берене
Күчүндө · 29.03.2023 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) насыялык бюронун жетекчисине жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан тизмеги аныкталган насыялык бюронун кызмат адамдарына, ошондой эле насыялык бюронун акцияларынын жалпысынан 10 жана андан ашык пайызын сатып алууну каалаган адамдарга карата квалификациялык талаптарды белгилейт;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) насыялык бюронун уставдык капиталына карата талаптарды белгилейт;
10) насыялык бюронун акцияларынын 10 жана андан көп пайызынан ашкан насыялык бюронун акцияларын сатып алуунун тартибин аныктайт.";
2) 14-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр аткарылбагандыгы тууралуу насыялык маалыматты үч жыл бою;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Насыялык бюро насыялык маалыматты жыйноону, сактоону, иштеп чыгууну жана алмашууну камсыз кылуучу өзүнүн маалыматтык тутумдарын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырууга милдеттүү.";
3) 16-берененин 2-бөлүгүндө:
а) "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана насыялык бюролордун Мамлекеттик реестрине киргизилген жок дегенде бир насыялык бюрого" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген, учурда иштеп жаткан насыялык бюролорго" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.".
Берененин тексти 29.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөЗакон · 25.11.2014 · № 160
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112555/st-1" title="1-берене - Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>