# 8-берене. Товардык белгини укуктук коргоо. Товардык белгиге өзгөчө укук

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 8-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-8

---

1. Кыргыз Республикасында товардык белгини укуктук коргоо аны ушул Мыйзамда белгиленген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун негизинде берилет.

2. Товардык белгинин укук ээси төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:

1) товардык белгини мыйзамга каршы келбеген кандай болбосун жол менен пайдалануу;

2) башка жактардын аны пайдалануусуна тыюу салуу. Тыюу салуунун жоктугу макулдук/уруксат берүү деп эсептелбейт;

3) товардык белгини ушул Мыйзамга ылайык тескөө (күрөөгө берүү, лицензиялык келишим боюнча ээликтен ажыратуу же пайдаланууга берүү).

Кыргыз Республикасында товардык белгини укук ээсинин уруксатысыз эч ким пайдалана албайт.

3. Товардык белгиге өзгөчө укук товардык белги Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Товардык белгилердин реестри) катталган датадан тартып келип чыгат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-9)
