# 7-берене. Товардык белги жана тейлөө белгиси

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 7-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-7

---

1. Товардык белги жана тейлөө белгиси (мындан ары - товардык белги) - бул тиешесине жараша бир юридикалык же жеке жактардын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык же жеке жактардын бир өңчөй товарларынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн (мындан ары - товарлар) айырмалоочу белги.

Товардык белги юридикалык же жеке жактын атына катталышы мүмкүн.

2. Товардык белгилер катары сөздүк, сүрөттүк, көлөмдүк жана башка белгилер же алардын айкалыштары катталышы мүмкүн.

3. Товардык белги кандай болбосун түстө же түстүк айкалышта катталышы мүмкүн.

4. Катталган товардык белгиге күбөлүк берилет. Күбөлүк товардык белгинин артыкчылыгын, күбөлүктө көрсөтүлгөн товарларга карата укук ээсинин өзгөчө укугун ырастайт.

5. Товардык белги колдонулган товарлардын мүнөзү товардык белгини каттоо үчүн тоскоолдук боло албайт.

6. Ушул Мыйзам визуалдык жактан айырмаланбаган белгилерге, ошондой эле үн жана жыт белгилерине колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-8)
