# 6-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 6-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-6

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Мыйзамда каралган кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, укук ээсине, башка кызыкдар жакка почта, электрондук почта же көрсөтүлгөн жактардын коммуникациясынын башка электрондук формалары аркылуу жөнөтүлөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандан кийин үч жумушчу күндөн ашпашы керек.

3. Өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кабарламасын, суроо-талабын жана/же чечимин төмөнкү жолдордун бири аркылуу ала алат:

1) жеке өзү;

2) почта боюнча;

3) ыйгарым укуктуу органга берилген өтүнмөдө, арызда же башка кайрылууда дареги көрсөтүлгөн электрондук почта же коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак тарабынан дареги көрсөтүлгөн почта, электрондук почта жана коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим жөнөтүлгөн датадан тартып талаптагыдай жеткирилген болуп саналат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-7)
