# 51-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга байланышкан талаш-тартыштарды кароо

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 51-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-51

---

1. Ушул Мыйзамды колдонууга байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик жана Административдик-процесстик кодекстеринде белгиленген тартипте сот тарабынан, төмөнкү талаш-тартыштарды камтуу менен каралат:

1) товардык белгиге өзгөчө укуктун бузулушу жөнүндө;

2) лицензиялык келишимди жана комплекстүү ишкердик лицензия келишимин түзүү жана аткаруу жөнүндө;

3) географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу жөнүндө;

4) ушул Мыйзамдын 26-беренесине ылайык товардык белгини пайдаланбоо жөнүндө;

5) Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбоо жөнүндө.

2. Апелляциялык кеңеш ушул Мыйзамга жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык анын компетенциясына кирген талаш-тартыштарды карайт.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-52)
