# 50-берене. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү токтотуу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 50-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-50

---

1. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо төмөнкү учурларда токтотулат:

1) ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү шарттардын жоголушуна жана Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн касиеттери менен товар өндүрүүнүн мүмкүн эместигине байланыштуу;

2) чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жердин аталышына укуктарын жоготуусуна байланыштуу.

2. Товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо токтотулгандыгына байланыштуу;

2) ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралган анын колдонуу мөөнөтү өтүшүнө байланыштуу;

3) товар чыгарылган жердин ушул аталышына карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерин товардын жоготуусуна байланыштуу;

4) юридикалык жак токтотулганда же жаран-укук ээси каза болгондо;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген укук ээсинин арызынын негизинде.

3. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонууну токтотуу кандай болбосун жактын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-51)
