# 49-берене. Географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоону жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун колдонууну токтотуу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 49-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-49

---

1. Географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо төмөнкү учурларда токтотулат:

1) ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү шарттар жоголгондо жана ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарды өндүрүү мүмкүн эмес болгондо;

2) товар чыгарылган өлкөдө географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо токтотулганда.

2. Географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн товардын мүнөздөмөлөрүнө укук ээси тарабынан өндүрүлгөн товар шайкеш келбегенде;

2) укук ээси ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугунан ажыраганда;

3) ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган талаптар сакталбаганда;

4) Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн товарды өндүрүү ыкмасын, аны сактоо жана ташуу шарттарын укук ээси системалуу түрдө бузганда;

5) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо токтотулганда;

6) юридикалык жак токтотулганда же жаран-укук ээси каза болгондо;

7) пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтү өткөндө;

8) укук ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү арыз бергенде;

9) чет өлкөлүк юридикалык жак, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам товар чыгарылган өлкөдө географиялык көрсөтмөгө укугун жоготкондо.

3. Географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү укуктук коргоону жана колдонууну токтотуу кандай болбосун жактын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-50)
