# 48-берене. Географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына укуктук коргоо берилишин талашуунун жана жараксыз деп таануунун негиздери жана аларды пайдалануу укугу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 48-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-48

---

1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо, эгерде ал ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, аны колдонуунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде талашылышы жана жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк, эгерде ал ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе, же географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жараксыз деп таанылгандыгына байланыштуу жараксыз деп таанылат.

3. Географиялык көрсөтмөгө укуктук коргоо берүү, эгерде укуктук коргоо ага ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарынын талаптарын бузуу менен берилсе, географиялык көрсөтмөнү расмий бюллетенге каттоо жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып беш жыл бою жараксыз деп таанылат.

4. Кандай болбосун жак Апелляциялык кеңешке ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы пикир бере алат. Каршы пикир ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш. Каршы пикир берген жак, ошондой эле күбөлүктүн ээлери аны кароого катышууга укуктуу.

5. Апелляциялык кеңештин чечими аны алган датадан тартып үч айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-49)
