# 45-берене. Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 45-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-45

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук ээсинин арызы боюнча Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына пайдалануу укугун берүүгө, анын ичинде укук ээсинин аталышына, анын турган ордуна, кат жазышуулар үчүн дарекке, электрондук почта дарегине, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укуктуу жактардын тизмегине тиешелүү маалыматтарга, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу шарттарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

Өзгөртүүлөр алым төлөнгөн шартта киргизилет.

2. Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары кетирилген айкын жана техникалык каталарды оңдоолор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине жана күбөлүккө алым төлөнбөстөн киргизилет.

3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мамлекеттик каттоого жана аларды пайдалануу укугун берүүгө тиешелүү, анын ичинде ушул Мыйзамдын 36-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4, 6-9-пункттарында, 37-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арызга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздүүлүгүн жана зарылдыгын ырастаган документтер же компетенттүү органдын корутундусу тиркелет.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-46)
