# 44-берене. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 44-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-44

---

1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмө же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө берилген күндөн тартып он жыл бою колдонулат.

2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн мөөнөтү укук ээсинин арызы боюнча узартылат. Арызга укук ээси Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товар өндүрүп жаткандыгын ырастоочу документтер же укук ээси Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерге ээ товар өндүрүп жаткандыгы жөнүндө компетенттүү органдын корутундусу тиркелет.

3. Товарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан географиялык объектинин аймагында чыгарылган товар катары идентификациялоочу географиялык көрсөтмөгө карата укук ээси пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берилген датага карата товар чыгарылган өлкөдө тиешелүү белгиге анын укугун ырастаган документти көрсөтөт.

4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан географиялык объектинин аталышы болуп саналган товар чыгарылган жердин аталышына карата укук ээси пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берилген датага карата товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жердин тиешелүү аталышына анын укугун ырастаган документти көрсөтөт.

5. Пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз аны колдонгон акыркы жылдын ичинде берилет.

Укук ээсинин өтүнүч каты боюнча, кошумча алым төлөнгөн шартта, күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды берүү үчүн географиялык көрсөтмөнү жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин ага алты ай берилет.

6. Пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү ар бир жолу он жылга узартылат.

7. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине, пайдалануу укугуна күбөлүккө киргизилет жана расмий бюллетенге жарыяланат.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-45)
