# 42-берене. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо тартиби жана пайдалануу укугу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 42-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-42

---

1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жөнүндө чечимдин негизинде, белгиленген алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана пайдалануу укугун каттоону жүзөгө ашырат.

Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо мөөнөтсүз колдонулат. Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине маалыматтарды киргизүү тартиби жана алардын тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

2. Алым географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жөнүндө экспертизанын чечими өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде же, кошумча алым төлөнгөн шартта, көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып үч айдын ичинде төлөнөт.

3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө тиешелүү жана Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине киргизилген маалыматтар Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине алар киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан расмий бюллетенге жарыяланат.

4. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк, алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна болгон күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-43)
