# 41-берене. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 41-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-41

---

1. Өтүнмөдөгү белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечими менен өтүнмө ээси макул болбогондо, ал чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде алымды төлөө менен Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.

2. Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан аны алган датадан тартып үч айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр, алым төлөнгөн шартта, алар өткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-42)
