# 40-берене. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары билдирилген белгилерге экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 40-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-40

---

1. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары билдирилген белгинин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугуна экспертиза кароого кабыл алынган өтүнмө боюнча, өтүнмө берилген датадан тартып алты ай өткөнгө чейинки алдын ала экспертизанын натыйжасында жүргүзүлөт.

2. Географиялык көрсөтмө катары билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмөдөгү белгинин ушул Мыйзамдын 34-беренесинин талаптарына ылайыктуулугу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 36-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин бар экендиги текшерилет.

3. Товар чыгарылган жердин аталышы катары билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмөдөгү белгинин ушул Мыйзамдын 34-беренесинин талаптарына ылайыктуулугу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 37-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин бар экендиги текшерилет.

4. Ушул Мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикир өтүнмөдөгү белгиге экспертиза жүргүзүүдө каралат.

5. Өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын жана ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каршы пикирди кароонун жыйынтыктары боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо өтүнмөдөгү белгини каттоо жөнүндө же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

6. Эгерде географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмөдө же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмөдө мурда катталган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү суралса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай укукту берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

7. Географиялык көрсөтмөнү каттоодон жана/же географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүдөн, товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүдөн баш тартылган учурда, өтүнмө ээсине кабарламада келтирилген жүйөлөргө карата өзүнүн далилдерин берүү сунушу менен, өтүнмөдөгү белгинин ушул Мыйзамдын 34, 36 жана 37-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама жөнөтүлөт. Өтүнмө ээсинин далилдери, эгерде дапилдер көрсөтүлгөн кабарлама өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн күндөн тартып эки айдын ичинде берилсе, өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алууда эске алынат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-41)
